Ош облусу менен Алтай крайынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык талкууланды
14 апрель

Ош облусу менен Алтай крайынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык талкууланды

Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев бүгүн, 14-апрелде Россия Федерациясынын Алтай крайынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Игорь Степаненко менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу облустагы өкүлчүлүктөн билдиришти. 

Жолугушууда Жантаев меймандарды жылуу тосуп алып, Ош облусунун стратегиялык маанисин, анын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн жана кызматташуунун келечегин белгиледи.

Ошондой эле эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү, маданий жана гуманитардык багыттагы байланыштарды чыңдоо маселелери талкууланды.

Аталган иш-чара Алтай крайы менен Ош облусунун ортосундагы достук мамиленин дагы бир үлгүсү болуп эсептелет.