Талиева: Мамлекеттик кызматтарда иштөөдө аял менен эркектин укугу жана мүмкүнчүлүгү бирдей болушу керек
14 апрель

Талиева: Мамлекеттик кызматтарда иштөөдө аял менен эркектин укугу жана мүмкүнчүлүгү бирдей болушу керек

Жогорку Кеңештин социалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Камила Талиева 35 депутаттан турган депутаттык корпус бир нече мыйзам долбоорунун пакетинин сунуштап жатканын билдирди. 

Айтымында, анда учурда актуалдуу болуп турган бир топ көйгөйлөрдүү чечүү жолдору көрсөтүлгөн. Анын бири – гендердик теңчилик. 

«Кыргызда аялдарга эч убакта кысым болгон эмес, абалтадан бери эле эркек менен аял бирдей укукка ээ болуп келген. Бирок акыркы учурда мамлекеттик кызматтарда кыскартуу орун алса, ал биринчи кезекте ошол жерде иштеген кыз-келиндерге тийиштүү болуп калды. Бардык тармактарда кызматкерлерди кыскартыш керек болуп калса, дароо аялдарды кетиришет. Жалаң эркек кызматкерлер калган тармактар да бар. Атын атабай эле коеюн, Нарында жетекчилик кызматта иштеген аял ошол мекемеде жалгыз аял болчу экен. Ага карабай 8-мартта аны чакырып, кыскартууга дуушар болдуң деп, буйрук менен тааныштырышыптыр. Биз республикалык лидер аялдарды өнүктүрөлү дегенибиз менен региондордо басмырлоого туш болгон аялдар өтө көп экен», – деди Талиева. 

Ал белгилегендей, мыйзам долбоорлор пакетинде жалпысынан жети мыйзам долбоору бар. Анын негизгиси жогоруда айтылгандай, эркектер менен аялдар үчүн бирдей укук жана бирдей мүмкүнчүлүк кепилдиктери тууралуу мыйзам. Андан тышкары үй-бүлөдөгү зомбулук жана анын алдын алуу жолу, зомбулукка барган тарапты жазалоо механизмин күчөтүү. 

Депутат Элдар Абакиров мыйзам долбоорлорун колдоого алаарын белгилеп, азыркы заманда аялдардын үй тиричиликтеги түйшүгү жеңилдеп, бирок топ жардамчысы: кир жуугуч машине, робот-пылесос ж.б. пайда болгондуктан, аялдар коомдук иштерге толук кандуу аралашууга мүмкүнчүлүгү көбөйгөнүн айтты. Ошондуктан, ал мындай мыйзам абдан керек экенин билдирди.