Камчыбек Ташиев көп балалуу энеге 2 бөлмөлүү батир тапшырды
4 июль

Камчыбек Ташиев көп балалуу энеге 2 бөлмөлүү батир тапшырды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 29 жаштагы 6 баланын энеси Айжан Болотбековага эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.

А.Болотбекова жалгыз бой эне, анын эки баласынын жана өзүнүн да майыптыгы бар. Колунда 5 айлык ымыркайы менен мүмкүнчүлүгү чектелүү болгондуктан, балдарын багууга шарты жок.

уруктуу жашаган үйү жоктугунан улам, батирлеп жүрүп, ижара акысын төлөөдө да кыйынчылыктар болуп келген. Андыктан, 6 балалуу эне жардам сурап шаардык мэрияга кайрылган. Бирок, ал жактан эч кандай жооп болгон эмес.

Мындан улам жалгыз бой эне УКМК төрагасына көмөк сурап кайрылган. Жыйынтыгында А.Болотбековага генерал-полковник шаардан эки бөлмөлүү батирдин ачкычын белек кылды.

УКМК төрагасы А.Болотбековага жана анын үй-бүлөсүнө ден соолук каалап, балдардын келечеги жаркын болсун деген жакшы тилегин айтты.

Өз кезегинде А.Болотбекова Ташиевге көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.