
Баткенде жол тескөөчүлөр тарабынан Нооруз күнү 6 мас айдоочу кармалды
Баткен облусунда күн мурун, 21-мартта Нооруз күнү 168 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Баткен облусунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 8;
- Мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 6;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу – 30;
- Мыйзамсыз кошумча жабдуу орнотуу – 6;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары –118;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 21 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.