Бишкектеги Чүй жана Шопоков көчөлөрүнүн кесилиши жабылат
Бишкек шаарында жер астындагы өтмөк жана унаа токтотуучу жайдын курулушуна байланыштуу Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилиши 5-июлдан тарта жабылат. Бул тууралуу муниципалитет кабарлайт.
Мэрия курулуш жумуштарына байланыштуу жаралган ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт жана күнүмдүк маршрутуңузду пландоодо жогорудагы өзгөрүүлөрдү эске алууну суранат.
