Москвадагы мончодогу кыргызстандыктарды кармоо: Россия тарапка нота берилди
14 апрель

Москвадагы мончодогу кыргызстандыктарды кармоо: Россия тарапка нота берилди

Үстүбүздөгү жылдын 11-апрелинде Москва шаарындагы «Бодрость» мончо комплексинде Кыргызстандын жарандарын массалык түрдө кармоого байланыштуу бүгүн, 14-апрелинде Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиев Россия Федерациясынын элчиси Сергей Вакунов менен жолукту.

ТИМден кабарлашкандай, орус тарапка укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн операциянын, ошондой эле жарандарга карата күч колдонуунун негиздери боюнча маалымат берүү жана эгерде күч колдонуу негизсиз болсо, бул окуя боюнча Москванын укук коргоо органдарынын өкүлдөрүнө карата тиешелүү чараларды көрүү өтүнүчү менен расмий нота берилди.

«Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча натыйжалуу чараларды көрүү жана келечекте кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерине доо кетире турган ушул сыяктуу жагдайларга жол бербөө өтүнүчү айтылды», - деп айтылат маалыматта.