Ошто медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди
4 июль

Ошто медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамы белгиленди

Ош шаарындагы Бабур атындагы драма театрында 4-июлда Кыргыз Республикасынын медицина кызматкерлеринин күнүнө карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери, медицина кызматкерлери катышты.

Шаар мэри ак халатчандардын кесиптик майрамы менен куттуктап, ак кызматын элдин ден соолугу үчүн жумшаган өмүр сакчыларына ийгиликтерди каалады.

Саламаттыкты сактоо тармагынын отличниги, медицина кызматынын ардагерлери, ошондой эле эмгеги менен айырмаланып, саламаттыкты сактоо тармагынын өнүгүшүнө салым кошкон кызматкерлер Ош шаарынын мэриясынын, Ош шаардык кеңештин, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар жана төш белгилери менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, Республиканын дарыгерлери жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде өздөрүнүн кесиптик майрамын — Кыргызстандын медицина кызматкерлеринин күнүн белгилешет.

Ош шаарында 47 медициналык мекеме болсо анда 3,5 миңге жакын кызматкер эмгектенип, анын ичинен 6 Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген дарыгери, 6 илимдин доктору, 14 медицина илимдеринин кандидаты, 224 саламаттыкты сактоонун отличниги бар.