Ипотекалык көп кабаттуу турак жай комплексинде өрт-тактикалык машыгуу өттү
13 декабрь

Ипотекалык көп кабаттуу турак жай комплексинде өрт-тактикалык машыгуу өттү

Бүгүн, 13-декабрда Каракол шаарындагы "Хан-Тенири" турак жай комплексинде өрт-тактикалык машыгуу өттү.

Машыгуунун максаты рт кырсыктарын алдын алуу жана өздүк курамдын күжүрмөн даярдыгын күчөтүү, коргоо объектеринде өрт кырсыгы катталган учурда кызматкерлердин иш-аракеттерин жакшыртуу, өздүк курамдын кесиптик даярдыгын жогорулатуу болуп саналат.

Атайы сценарийдин негизинде турак жайда чыккан өрт өчүрүлүп, жарандар коопсуз жайга эвакуацияланды. Машыгууга жалпысынан 5 өрт өчүрүүчү унаа, 1 тез жардам кызматы, ИИМден 2 , РЭС 1, суу чарба кызматынан 1 бригада тартылган.

Машыгуу ӨКМдин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Каракол шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан уюштурулду.

"Хан-Теңири" комплекси жалпы 3105 батирди камтып, 69 блоктон турган 9 кабаттуу үйлөр. Ушул жылдын 8-августунда биринчи этап менен 420 батирдин ачкычы тапшырылган. Ал эми курулуш толугу менен 2027-жылдын аягына чейин аяктайт.