Кочкор районунда жаңы МТС ачылды
26 ноябрь

Кочкор районунда жаңы МТС ачылды

Кочкор районунун Теңдик айылында “ДАТКА” машина-трактордук станциясы ачылды. Бул тууралу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министирлигинен билдиришти. 

Маалыматка ылайык,иш-чарага министрликтин жооптуу кызматкерлери, райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын адистери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана дыйкан-фермерлер катышты.

Жаңы ачылган машина-трактордук станция төмөнкүлөр менен толукталды: 

  • 2 даана Е-302 жатка,
  • 2 даана МТЗ-80 трактор,
  • 1 даана YTO-1404 трактор,
  • 2 даана 2птс-4-793 прицеп,
  • 1 даана соко,
  • сзу 3,6 сеялка,
  • 1 даана арышник,
  • 1 даана картофеле копалка,
  • 1 даана культиватор,
  • 1 даана ппл 1,6 прессподборщик,
  • 1 даана роу-6,1 даана кпи 2,4 чөп турагыч.

Белгилей кетсек, буга чейин Кочкор районунда 4, анын ичинде 1 муниципалдык  3 жеке МТС иштеп келген. Ошондой эле 2024-жылдын аягына чейин дагы бир МТС ачуу пландалууда.