Ошто аялды өз үйүндө муунтуп өлтүрүп кетишкен. Шектүү кармалды 
14 апрель

Ошто аялды өз үйүндө муунтуп өлтүрүп кетишкен. Шектүү кармалды 

Ош шаарындагы адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды, деп кабарлайт облустук милициянын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, милицияга Ош шаарынын Ак-Тилек кичи районунун тургуну 1987-жылы туулган аял киши колдуу болуп каза болгондугу тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине Ош шаардык милициясынын ыкчам тобу барып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүшкөн.

«Аялдын муунтулуп каза болгондугу аныкталган», – деп айтылат маалыматта. 

Жүргүзүлгөн ыкчам издөө иштеринин натыйжасында бул кылмышка шектүү катары Жапалак айылынын 2006-жылы туулган тургуну кармалды.

Тергөө кызматынын маалыматына караганда, шектүү аялдын үйүнө уурулукка кирип, аны муунтуп өлтүрүп, унаасын уурдап кеткен.

«Шектүү мурда бул үйдө квартирант болуп жашап кеткендиги дагы маалым болоду», – деп кошумчалашты милициядан.

Учурда тергөө иштери уланууда, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.