Риека шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулунун кеңсеси салтанаттуу ачылды
2025-жылдын 12-декабрында Хорватия Республикасынын Риека шаарында Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулунун кеңсесинин салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү. Vukovarska 10a дарегинде жайгашкан кеңсе эки өлкө ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын консулдук-укуктук жактан колдоого багытталган ишмердүүлүгүн баштайт.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Талантбек Кушчубеков, Риека шаарындагы Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулу Боян Шиканич, Хорватия Республикасынын Тышкы жана Европа иштер министрлигинин, Риека шаарынын мэриясынын, Приморск жана Горанск жупаниясынын администрациясынын өкүлдөрү, жана чакырылган коноктор катышты.
Ачылыш аземинин алкагында коноктор сөз сүйлөп, консулдук кеңсенин ачылышы Кыргызстан менен Хорватиянын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, региондор аралык байланыштарды активдештирүүгө жана мамлекеттик, ишкердик структуралардын өз ара аракеттенүүсүн жогорулатууга өбөлгө түзөөрүн белгилешти.
Расмий бөлүк аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Мажарстандагы Элчилиги Кыргызстан тууралуу өлкөнүн жаратылыш-туристтик, маданий жана экономикалык потенциалын чагылдырган презентацияны сунуштады. Презентация Кыргызстандын жаратылыш көп түрдүүлүгүн, улуттук маданияттын элементтерин жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын келечектүү багыттарын чагылдырган видеоматериалдар менен коштолду.
