Жети-Өгүз районунун Даркан айылында аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды
2 апрель

Жети-Өгүз районунун Даркан айылында аймактык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы имараты ачылды

Бүгүн, 2-апрель күнү Жети-Өгүз районунун Даркан айылында Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө караштуу айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жаңы 2 кабаттуу имаратынын ачылышы болду. Айылдык милиция бөлүмчөсүнө милициянын ардагери Ургазы Иманакуновдун ысымы берилди.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары, милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов, милициянын ардагерлери, кызматкерлер, жергиликтүү тургундар жана ардагер Ургазы Иманакуновдун жакындары катышты.

Иички иштер министри милициянын генерал-лейтенанты Улан Ниязбековдун милиция кызматкерлерине материалдык, техникалык жана иш шарттарын түзүп, ар дайым көңүл буруп, колдоо көрсөтүп жаткандыгына ардагерлер терең ыраазычылыгын билдиришти.

Жаңы имарат Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин демилгеси менен «100 жылдыкка – 100 имарат» долбоорунун алкагында курулуп, пайдаланууга берилди.