Бишкектин айрым аймактарында газ өчүрүлөт
Бишкектин айрым аймактарында жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 16-18-апрель күндөрү газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Бишкекгаздын" басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ттөмөнкү көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы өчүрүлөт: Лермонтов көч., ЧЧК, Биринчи май көч., Бакай-Ата конушу.
"Бишкекгаз" газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.
Жумуштар газ менен ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.
