Данияр Амангелдиев менен Сергей Вакунов кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү маселесин талкуулашты
16 октябрь

Данияр Амангелдиев менен Сергей Вакунов кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүү маселесин талкуулашты

КР министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө соода-экономикалык, энергетика жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы деңгээлине дагы токтолушту.

Данияр Амангелдиев менен Сергей Вакунов кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын Бишкекте өтө турган кезектеги жыйынына кылдат даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Соңунда тараптар кыргыз-орус кызматташтыгын стратегиялык өнөктөштүктүн деминде мындан ары да бекемдөөнү өз ара ниеттерин билдиришти.