Базар-Коргон районундагы Бел-Терек айылына барчу жолго асфальт төшөлүүдө
Базар-Коргон районундагы Арстанбап-Ата айыл өкмөтүнүн Бел-Терек айылына барчу 3,5 чакырым жолго асфальт төшөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен кабарлашты.
Жумуштар “Кыргызавтожол-Түштүк” мамлекеттик ишканасынын № 50 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылып жатат.
Азыркы тапта 2 чакырымдан ашык аралык жасалды.
Унаа каттамын жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга багытталган жумуштар мамлекеттик капиталдык салымдар беренесинин эсебинен каржыланууда.
