Борбордук милициянын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы “МАК-2025” ыкчам алдын алуу иш-чарасын өткөрүштү
4 июль

Борбордук милициянын Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы “МАК-2025” ыкчам алдын алуу иш-чарасын өткөрүштү

Бишкек шаарынын ИИББнын БМЖККК тарабынан наркотикалык жана психотроптук каражаттарды мыйзамсыз ташып жүрүү, сактоо жана таратуу фактыларын аныктоо максатында “Кара куурай” аталышындагы атайын иш-чара жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө, болжол менен 1 тоннадан ашуун кара куурай, апийим өсүмдүктөрү табылып, атайын техника менен жок кылынды. Ошону менен бирге, шаар боюнча ыкчам мобилдик топтор түзүлүп, айрым көчөлөргө стационардык тосмолор орнотулду жана шаардын аймагына тыюу салынган каражаттарды ташып кирүүгө бөгөт коюу чаралары көрүлдү.

Мындан тышкары, жарандарга баңгизаттардын зыяны жөнүндө маалыматтар жеткирилип, мектеп окуучуларына жана жаштарга түшүндүрүү жүргүзүлдү.