Бакытбек Жетигенов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды
23 январь

Бакытбек Жетигенов президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болуп дайындалды

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Жетигенов Бакытбек Жеңишбекович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалды.

Белгилей кетсек, Жетигенов 2022-жылдан тарта Ош шаарынын мэри кызматын аркалап келген.