Бишкектеги курулуш базарынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү
Бишкектеги “Көк-Сай” курулуш базарынан чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 13-апрелде болжол менен саат 23:59да курулуш базарынын ичинде пластик, жыгач эшик-терезе, унитаз, эмерек чыгаруучу цехтерден жана “Евразия” базарынын боек капмасынан өрт чыккан.
Тилсиз жоо 14-апрелде таңкы саат 03:45те толугу менен өчүрүлгөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы алты бөлүм, 1 суу ташуучу унаа тартылган.
"Мындан сырткары, Бишкек шаардык “Тазалык” муниципалдык ишканасынан 2 суу ташуучу унаа, Бишкексууканалынан 2 суу ташуучу унаа, Ички иштер министрлигинен 4 экипаж 16 кызматкер, тез жардам кызматынан 1 бригада, РЭТтен 1 бригада өрт өчүрүүгө чыгышты", - деп айтылат маалыматта.
Өрттүн аянты болжол менен 400 чарчы метрди түзгөн.
Кырсыктын келип чыгуу себеби жана келтирилген материалдык чыгым такталууда.
