Милиция массалык башаламандык уюштурууга даярданып жаткандарды кармады 
14 апрель

Милиция массалык башаламандык уюштурууга даярданып жаткандарды кармады 

Чүй облустук ИИББнын кызматкерлери тарабынан өлкө аймагында массалык башаламан уюштурууга даярдык көрүп жаткан мурдагы саясий ишмерлер, уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү жана жарандык активисттер биригишип, Чүй облусунда жана ошондой эле өлкөнүн башка аймактарында массалык башаламандыктарды, нааразычылык акцияларын өткөрүүгө дардык көрүп жатышкан кылмыштуу топ боюнча маалымат түшкөн.

Бул факт Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгында катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинде (Массалык баш аламандык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы топтун активдүү мүчөсү катары Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун тургуну, 1978-жылы туулган С.Ф. аттуу жаран аныкталып, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген.

2025-жылдын 12-апрель күнү С.Ф. аттуу жаран Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Бул факт боюнча жүргүзүлгөн текшерүү иштеринин жүрүшүндө 1998-жылы туулган М.О. аттуу Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну жогорудагы кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө акча каражаттарын легалдаштырууну, банктык операцияларды жүргүзгөнү жана Т.Куреновдун жана башка адамдардын ар кандай чагымчыл видео материалдарын монтаждап даярдап, ар кандай социалдык тармактарда фейк аккаунттар аркылуу жайылтканы аныкталган.

Учурда 1998-жылы туулган М.О. Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренеси боюнча кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөнүн жүрүшүндө Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош шаарынын аймагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, тиешелүү далил буюмдар алынып, тергөө иштери уланууда.