Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты
13 декабрь

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты

Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматына О.Г. аттуу жаран арызы менен кайрылып, «А.» аттуу кызга карата чара көрүүнү суранган. Арыз ээсинин айтымында, 2025-жылдын май айынан октябрь айынын аягына чейин шектүү «бизнесте жол ачып берем» деген шылтоо менен жана ар кандай ырым-жырымдарды жүргүзүү аркылуу ишенимге кирип, 43 000 (кырк үч миң) АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын алдап алып, андан соң белгисиз багытта жашырынып кеткен.

Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин кызматкерлери тарабынан 2000-жылы туулган М.К. аттуу шектүү аныкталып, кармалган. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-беренесине ылайык Бишкек ИИББнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Аныкталгандай, кармалган жаран өзүн «көзү ачык» катары тааныштырып, жарандарды алдамчылык жолу менен ишенимге кирип, жашоонун ар кандай тармактарында «жол ачып берем» деп акча каражатын талап кылган. Ошондой эле аталган «ырым-жырымдардын» жүрүшүндө акчаны көрүстөндөргө калтырууну суранган жана жип, ийне сыяктуу ар кандай буюмдарды колдонгон.