Бакты кантип туура уюштуруу керек? Практикалык кеңештер жана негизги этаптар
Айыл чарба тармагында жемиш бактарын өстүрүүдө ийгиликке жетүү үчүн, анын башталышында туура пландоо жана уюштуруу эң маанилүү роль ойнойт.
Айыл чарба министрлигинен бакты кантип уюштуруу керектиги тууралуу айтып беришти.
1. Көчөт эгүүчү талааны рационалдуу жана туура уюштуруу Алгачкы кадам – жер тилкесин тандоо жана аны туура пайдалануу. Топурактын курамы, күндүн түшүү багыты, шамалдан коргоо сыяктуу факторлор эске алынышы шарт. Талаа кандай бөлүнүшү керек, ирригацияга ылайыктуулугу - бардыгы алдын ала пландалышы керек.
2. Жумушчу күч жана көчөт пландоо Бак эгүүдө жумушчу күчкө болгон муктаждык чоң. Убактылуу же туруктуу жумушчуларды кайдан алуу керек? Кайсы көчөт түрлөрүн, канча сорттон эгүү керек? Бул суроолорго негиздүү пландоо аркылуу жооп табылат.
3. Тамчылатып сугаруу системасын уюштуруу Суу ресурстары баалуу. Бул багытта заманбап ыкма – тамчылатып сугаруу эң ылайыктуу чечим. Анын артыкчылыктары: суу үнөмдөө, өсүмдүккө керектүү нымдуулукту так берүү, жумушчу күчүн кыскартуу.
4. Органикалык жана минералдык жер семирткичтерди даярдоо Жемиш берүү үчүн топурактын азыктуулугу маанилүү. Органикалык жана минералдык жер семирткичтерди алдын ала даярдап, алардын керектүү өлчөмүн тактоо керек.
5. Илдеттер жана зыянкечтерге каршы даярдык Бак эгүүдө негизги коркунуч - бул илдеттер жана зыянкечтер. Аларга каршы табигый (органикалык) жана химиялык каражаттардын туура түрүн жана өлчөмүн тандоо өсүмдүктүн узак жашоосуна кепилдик берет.
6. Отургузуу схемасын жана багытын аныктоо Көчөттөрдү кандай аралыкта, кандай катар менен эгүү керек? Айлананын рельефи, күндүн багыты, шамалдын багыты эске алынып, отургузуу схемасы иштелип чыгат. Бул түшүмдүүлүктү жана багуунун ыңгайлуулугун арттырат.
7. Кийинки видеодо сорттор тууралуу кенен баяндама болот! Кайсы сорттор Кыргызстанда өзүн жакшы көрсөтүүдө? Эрте бышкан, суукка чыдамдуу же узак сакталуучу сорттор жөнүндө кеңири маалымат кийинки чыгарылышта берилет.
