Ноокатта уурулукка шектүү жигит кармалды
2025-жылдын 10-ноябрь күнү Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнө 1969-жылы туулган А.А. атттуу жаран арыз менен кайрылган.
Анда арыз ээси 2025-жылдын 9-ноябрдан 10-ноябрга караган түн ичинде Мирмахмудов айыл аймагындагы азык-түлүк дүкөнүнүн эшигин бузуп кирип, 5000 сом акча жана “Мбанк” терминалын талкалап, ичиндеги акчаны уурдап кеткендигин билдирген.
Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Топтолгон материалдын негизинде Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлгөн.
Анын жүрүшүндө жабырдануучулардан ушундай эле мазмундагы дагы 3 арыз катталып, алардын да дүкөндөрүн бузуп кирип, кассадан жана терминалдан акчаларын уурдап кеткендиги маалым болгон.
Натыйжада жалпы 4 жабырлануучуга болжолдуу түрдө 536 640 миң сом олуттуу өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.
Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2025-жылдын 21-ноябрь күнү кылмыш шектүү катары 1990-жылы туулган К.А. аттуу жаран Ош шаарында из жашырып жүргөн жеринен шектүү катары кармалып, райондук сот тарабынан каммакка алынды.
Учурда шектүүүнүн мындан башка дагы кылмыштуу иштерге тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары уланууда.
