КР ӨКМге Азербайжан 10 өрт өчүрүүчү техника тапшырды
25 апрель

КР ӨКМге Азербайжан 10 өрт өчүрүүчү техника тапшырды

Бүгүн, 25-апрелде Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Азербайжандын атынан 10 өрт өчүрүүчү техника салтанаттуу тапшырылды. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. 

Тапшыруу салтанатында Азербайжандын Кыргызстандагы элчисин жылуу кабыл алган министр Бообек Ажикеев түрк тилдүү эки өлкөнүн маданий-гуманитардык, социалдык-экономикалык багыттагы кызматташтыгы достук маанайда өнүгүп келгендигине жана дүйнө жүзүндө климаттын өзгөрүүсүнөн жаралган өзгөчө кырдаалдардын коомчулукка тийгизген таасирине токтолду.

“Бүгүн гуманитардык жардамга келген техникалар менен өрт өчүрүүчү бөлүктөрдүн потенциалын жогорулатып, адам өмүрүн сактап калууга өбөлгө болчу кубанычтуу иш-чаранын күбөсү болуудабыз. Азербайжан Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен Кыргызстандын ӨКМине ондогон өрт өчүрүүчү унааларды алдык. Бул саамалык өрт кырсыгынын кесепеттерин жоюуда бир топ жеңилдик берет”, - деген министрликтин башчысы эки өлкөнүн куткаруучуларынын кызматташтыгы бекемделерин айтып, ыраазычылыгын билдирди.

Ал эми Азербайжандын элчиси Латиф Сейфаддин кыргызстандык куткаруучу-өрт өчүрүүчүлөргө ийгиликтерди каалап, түрк тилдүү өлкөлөрүнүн достук байланышын бекемдөөгө данакер болууга, өлкөлөр ортосундагы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жаатында кызматташтыкты өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн арттырууга токтолду.

Министрликке тапшырылган техникалар өрт өчүрүүчүлөрдүн потенциалын көтөрүүгө, адам өмүрүн жана материалдык байлыкты сактап калууга өбөлгө болуп, Кыргызстан Азербайжан өлкөлөрүнүн ортосундагы табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепеттерин жоюу жаатында эки тараптуу кызматташтык бир кыйла бекемделмекчи.