Элчибек Жантаев ээлеген кызматынан бошотулуп, башка ишке дайындалды
1 декабрь

Элчибек Жантаев ээлеген кызматынан бошотулуп, башка ишке дайындалды

Элчибек Жантаев президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Элчибек Жантаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.