Ош ОИИБ: Ноокатта мал уурдаганга шектүү кармалды
2025-жылдын 21-октябрь күнү Ноокат районунун ички иштер бөлүмүнө Кулатов айыл аймагынын 1991-жылы туулган С.уулу А. аттуу тургуну арыз менен кайрылган.
Анда 2025-жылдын 10-октябрь күнү тосулган эгин талаасынан 5 баш малын белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген. Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын болжолдуу суммасы 400 000 (жүз эүү миң) сомду түзөт.
Аталган факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.
Чогултулган материалдын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 205-1-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам тергөө амалдары башталган.
Кылмыш иликтөө бөлүмү тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын натыйжасында 2025-жылдын 3-декабрь күнү кылмышка шектүү катары 1996-жылы туулган Б.уулу М. аттуу жараны кармалып, райондук сот тарабынан камакка алынды.
Учурда Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шектүүнүн башка кылмыштарга тиешеси бардыгын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.
