Даниэль Рысалиев УКМК төрагасынын орун басары болуп дайындалды
1 декабрь

Даниэль Рысалиев УКМК төрагасынын орун басары болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренеси жетекчиликке алынып, Рысалиев Даниэль Ормонбекович Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары – Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.