Өзгөн районунда жаңы оорукана курулду
26 апрель

Өзгөн районунда жаңы оорукана курулду

Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында 60 орундуу заманбап оорукана курулду.

Курулуш долбоор 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Жалпы тендердик баасы 133 миллион сомду түздү.

Үч кабаттуу жаңы имарат бардык курулуш нормаларына жана стандарттарына жооп берет.

Оорукана атайын медициналык жабдуулар менен толук жабдылып, келечекте жергиликтүү тургундарга жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүүгө шарт түзөт.