ДКО: тамактануу жайларынын тазалыгы жана санитардык коопсуздугу көзөмөлдөнүүдө
5 сентябрь

ДКО: тамактануу жайларынын тазалыгы жана санитардык коопсуздугу көзөмөлдөнүүдө

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү мезгилинде оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары Оюндардын катышуучуларынын жана конокторунун санитардык-эпидемиологиялык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган профилактикалык жана көзөмөлдөө иш-чараларынын комплексин жүргүзүүдө.

Даярдык иштери Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталганга чейин алдын ала жүргүзүлө баштаган. Адистер жайгаштыруу жана тамактануу объектилерин текшерип, алардын санитардык-техникалык абалына, тамак-аш даярдоочу жайлардын даярдыгына, ичүүчү суунун сапатына, ошондой эле жеке жана өндүрүштүк гигиена талаптарынын сакталышына баа беришкен. Объектилердин жооптуу кызматкерлери жана персоналы менен санитардык талаптарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан учурда аймактык борборлордон 80ден ашуун адис ишке тартылып, санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө.

Спортчулар, катышуучулар жана Оюндардын коноктору жайгашкан мейманканаларда, пансионаттарда жана санаторийлерде объектилердин санитардык абалына, тамак-аштын жана ичүүчү суунун коопсуздугуна, тамак-аш даярдоочу жайлардын ишине, тамак-аш азыктарын сактоо жана даярдоо шарттарына, ошондой эле персоналдын санитардык талаптарды сактоосуна туруктуу көзөмөл жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, тамак-аш азыктарына, даяр тамактарга жана ичүүчү сууга лабораториялык көзөмөл жүргүзүлүп, ден соолукка келтириши мүмкүн болгон тобокелдиктерди өз убагында аныктоо максатында зарыл болгон изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө көңүл Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги аянтчаларынын бири болгон Кырчын жайлоосуна бурулууда. Бул жерде бир учурда көп сандагы катышуучулар, коноктор жана көрүүчүлөр болуп, убактылуу тамактануу жана соода объектилеринин саны көп.

Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери коомдук тамактануу жана соода объектилерине, фуд-зоналарга, коопсуз ичүүчү суу менен камсыздоого, коомдук дааратканалардын санитардык абалына, ошондой эле жеке жана өндүрүштүк гигиена талаптарынын сакталышына туруктуу көзөмөл жүргүзүүдө.

Санитардык-эпидемиологиялык кызмат VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан мезгилде күчөтүлгөн режимде ишин улантып, жугуштуу оорулардын жана тамак-аштан уулануунун алдын алуу, ошондой эле Оюндардын катышуучулары жана коноктору үчүн коопсуз шарттарды камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрүүдө.