Бишкекте автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталып, 8 адам жабыркады
Бишкекте бүгүн, 26-ноябрда автобустун катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирет.
Алдын ала маалыматтар боюнча, Барпы Алыкулов жана Жайыл Батыр көчөлөрүнүн кесилишинде (ЖЭБ-2 району) чыгыштан батышты көздөй катуу ылдамдыкта келе жаткан Мерседес Бенц жеңил унаасы №23 муниципалдык автобус менен сүзүшкөн.
Кырсыктан 8 адам жабыркап, алардын 5и автобустун жүргүнчүлөрү, 3 жүргүнчү жеңил унаада болгон. Алар ооруканага жеткирилди.
Окуя болгон жерде Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын ЖККБЬ кызматкерлери иштеп жатат.
Мэриядан кошумчалашкандай, алдын ала маалыматтар боюнча, унаанын айдоочусу жол эрежесин бузган.
