Кыргызстандык жарандар Мьянмадагы кулчулуктан куткарылды
Өзбекстан менен Казакстандын дипломаттарынын көмөгү менен Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандын жарандары мекенине кайтып келишти. Бул тууралуу “Дунё” маалымат агенттиги билдирди.
"Жабырлануучулардын айтымында, аларга Таиландда интернетте жогору маяна менен жумуш сунушталып, учакка бекер билет берилген. Бирок аларды Таиландка келери менен мыйзамсыз түрдө Мьянмага жөнөтүшкөн, ал жакта алар адам сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун колуна түшкөн. Аларды алдамчылык менен байланышкан колл-борбордо иштөөгө мажбурлашкан", - деп айтылат маалыматта.
Мындай жагдайга Кыргызстандын сегиз, Казакстандын төрт жана Өзбекстандын эки жараны дуушар болгон.
Кыргызстандын Таиландда дипломатиялык өкүлчүлүгү жоктугун эске алып, Казакстандын жана Өзбекстандын дипломаттары кыргыз тараптын өтүнүчү менен аталган жарандарды мекенине кайтарууну уюштурууга көмөк көрсөтүштү.
Мьянманын жана Таиланддын компетенттүү органдары менен сүйлөшүүлөрдөн кийин алдамчылыктан жабыркагандар бошотулуп, Маесот (Таиланд) чек ара бекетинде Казакстан менен Өзбекстандын дипломаттарына өткөрүлүп берилди.
11-апрелде алар мекенине ийгиликтүү жөнөтүлдү.
