Бишкекте курулуш базарынан ири өрт чыкты, жеринде 6 бөлүм иштөөдө
14 апрель

Бишкекте курулуш базарынан ири өрт чыкты, жеринде 6 бөлүм иштөөдө

Бишкектин Орозбеков көчөсүндө жайгашкан «Көк-Сай» курулуш базарынан өрт чыкты, деп кабарлайт Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы. 

Маалыматка ылайык, тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 6 күжүрмөн эсеп жана Штаб тартылган.

Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 350 чарчы метрди түздү.

Кошумча маалымат берилет.