Нарында шаарында 5 миң орундуу мечиттин курулушу башталды
Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз кары Закиров Нарын облусуна жасаган иш-сапарынын алкагында Нарын шаардык борбордук мечитинин курулушуна старт берип, капсула салуу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу муфтияттан кабарлашты.
Иш-чарада ардактуу коноктор куттуктоо сөзүн сүйлөшүп, 5000 орундуу мечиттин мезгил кутусуна кол тамгаларын калтырышты. Андан соң Азирети Муфтийдин дубасы менен капсула салынып, курулушка расмий старт берилди.
Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө Нарын элине жана демөөрчүлүк кылып жаткан тараптарга ыраазычылык айтылып, баталар берилип, башталып жаткан ишке ийгилик каалап дуба кылынды.
Маалымат иретинде айта кетсек, 2 га жерди Нарын шаарынын тургуну Айбек Монолов сатып алып, казыяттын балансына өткөрүп берген. Бул мечит Нарын облусу боюнча эн чоң мечиттердин бири болмокчу.
Нарын шаардык борбордук мечити тууралуу:
Жалпы аянты 3834 м2
Сыйымдуулугу 4790
Курулуш иштеринин башталышы: 2025-жылдын октябрь айы
Курулуш ишинин аякташы: 2026-жылдын октябрь айы
Мечит 2 кабаттан турат (жер төлөсүн эске албаганда).
Жер төлөдө кампа, жуунучу жай, кийим сактагыч, холл, техникалык бөлмөлөр, окуу канаалары, китепкана, балдар бөлмөсү, аялдар үчүн намаз окулчу жай ж.б.
1-кабатта намаз окулчу негизги бөлүк, кабылдама, холл, ашкана, окуу канаалары.
2-кабатта намаз окулчу бөлүк, кабинет, окуу залы.
