Таиландга чет элдик туристтердин кирүү эрежелеринин өзгөрүшү жөнүндө
25 апрель

Таиландга чет элдик туристтердин кирүү эрежелеринин өзгөрүшү жөнүндө

Таиланд Королдугунун Тышкы иштер министрлигинин расмий маалыматына ылайык, 2025-жылдын 1-майынан тарта Таиландда чет өлкөлүк жарандардын алдын ала электрондук каттоо системасы – Thailand Digital Arrival Card (TDAC) милдеттүү түрдө киргизилет.

Таиланддын аймагына аба, кургактык же суу жолу аркылуу кирүүнү көздөгөн бардык чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандары сапар башталганга чейин 72 сааттан кечиктирбестен, TDAC электрондук каттоо формасын tdac.immigration.go.th расмий сайтында онлайн режиминде толтурууга милдеттүү.

TDAC формасын толтуруу учурунда паспорттун же башка жол жүрүүчү документтин маалыматы, жаран жөнүндө жеке маалымат, сапардын максаты, Таиланддагы жашоо дареги, ошондой эле ден соолугу тууралуу маалымат көрсөтүлүүгө тийиш. Анкета ийгиликтүү тапшырылган соң, арыз берүүчүнүн электрондук почтасына каттоону ырастаган билдирүү жөнөтүлөт. Бул билдирүүнү Таиландга келген учурда паспорттук көзөмөл кызматкерине көрсөтүү зарыл.

Белгилей кетчү жагдай, TDAC системасынын киргизилиши Кыргыз Республикасынын жарандарына карата колдонулуучу визалык талаптарды жокко чыгарбайт. Жаңы система чек ара көзөмөлүнүн жол-жобосун тездетүүгө жана санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту күчөтүүгө багытталган.

TDAC системасына алдын ала катталуу 2025-жылдын 28-апрелинен тартып жеткиликтүү болот. Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Таиландга барууну пландаган жарандарга жаңы талаптар менен алдын ала таанышып, каттоодон өз убагында өтүүнү жана өлкөнүн аймагына кирүүдө мүмкүн болгон тоскоолдуктардан сактанууну сунуштайт.