Көк бөрү, көкпар финалы жана Көчмөндөр оюндарынын жабылышын көрсөтө турган фанзоналар
Күйөрмандар үчүн улуттук спорттун башкы окуяларынын бири — көк бөрү жана көкпар оюндарынын финалдык беттештерин, ошондой эле VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу жабылыш аземин чогуу көрүүгө ыңгайлуу шарттар түзүлдү.
Өлкөнүн бардык аймактарында түз көрсөтүүлөр уюштурулган атайын фанзоналар иштей баштады.
Фанзоналардын жайгашкан даректери:
Ысык-Көл облусу:
Ысык-Көл району, Бает айылы, «Чайка Резорт» жана «Алтын Булак» эс алуу жайларынын ортосундагы көл жээги.
Бостери айылы, «Дордой Номад» амфитеатры.
Жалал-Абад облусу: Манас шаары, Азаттык аянты.
Бишкек шаары: Турдакун Усубалиев атындагы Эски аянт.
Ош шаары: Алымбек Датка көчөсү, 221, борбордук аянт.
Талас облусу: Талас шаарынын борбордук ипподрому.
Чүй облусу: Токмок шаары, Ленин көчөсү, Султан Ибраимов атындагы шаардын борбордук аянты.
Баткен облусу:
Баткен шаары, А. Жайнаков атындагы драма театры.
Баткен району, Самаркандек айыл аймагынын Суу-Башы жана Бужум айылдарынын борбордук көчөлөрү.
Кадамжай району, Ж. Мамажанов атындагы маданият үйү.
Лейлек райондук маданият үйү.
Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын жыйындар залы.
Сүлүктү шаардык маданият үйү.
Нарын облусу:
Ак-Талаа району, Баетов айылы, З. Ашырбаев көчөсү, К. Султангазиев атындагы маданият үйү.
Жумгал району, Чаек айылы, М. Матыев көчөсү, 74, «Соң-Көл» кинотеатры.
Кочкор району, Кочкор айылы, Сапар Алиев көчөсү, 11, Жыргал Абдыкалыков атындагы маданият үйү.
Нарын шаары, Ленин көчөсү, 96а, М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык-драма театры.
Ат-Башы району, Ат-Башы айылы, Мухтар Өмүракунов көчөсү, 133, С. Андабеков атындагы маданий-спорттук комплекси.
Ош облусу: Араван району, Араван айылы, Ленин көчөсү, 1, Араван райондук мамлекеттик администрациясынын имараты.
Бардык мекендештерди жана спорт сүйүүчүлөрүн улуттук баалуулуктарыбызды ар дайым бийик тутуп, улуттук командабызды бирге колдоого чакырабыз!
