Ош шаарынын мэри куруучулар менен жолугушту
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев бүгүн, 2-апрелде шаарда курулуш долбооруна ылайык жашыл аймактарды түзүү, тротуарларды куруу, жолдорду оңдоо боюнча иш алып барып жаткан куруучулар менен жыйын өткөрдү.
Жыйында мэр аткарылып жаткан иштерди жеке көзөмөлүнө алып, аткаруу мөөнөтүнө жана сапатына өзгөчө көңүл бурарын билдирди.
Ошондой эле, жумуштарды тездетүү боюнча тапшырмаларды берди.
"Курулуш мезгили башталды, иш токтоп калбашы керек. Курулуш учурунда пайда болгон маселелерди тез арада чечүү үчүн мени менен түз байланышта болуңуздар. Курулуш иштерин жүргүзүүдө коммуналдык кызматтарга тиешелүү жардамдар көрсөтүлсүн", - деди шаар башчысы.
Белгилей кетсек, шаар аймагындагы 15 жолду капиталдык оңдоодон өткөрүп, 4 аллеяны, 11 тротуарды, үч көчөгө көпүрө куруу болжолдонууда.
