Нуржан Шайлдабекова Австриянын Федералдык Президенти Александер Ван дер Белленге ишеним грамоталарын тапшырды
15 июль

Нуржан Шайлдабекова Австриянын Федералдык Президенти Александер Ван дер Белленге ишеним грамоталарын тапшырды

2025-жылдын 11-июлунда Кыргыз Республикасынын Австриядагы Элчиси Нуржан Шайлдабекова Австриянын Федералдык Президенти Александер Ван дер Белленге ишеним грамоталарын тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Австриянын Президентине Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун атынан салам жеткирилди. Австриянын Президенти Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун 2024-жылы Австрияга болгон ийгиликтүү сапарын белгилеп, бир катар багыттар боюнча өз ара аракеттенүүнү баштоого негиз салган сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын жогору баалады.

Элчи Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан социалдык-экономикалык жана институционалдык реформалар, ошондой эле Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасынын кабыл алынгандыгын белгиледи.

Тоолорду туруктуу өнүктүрүү жаатында кызматташуунун келечегине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар тоо туризми жана кышкы спорттун түрлөрү боюнча спортчуларды даярдоо, ошондой эле классикалык музыкалык билим берүү жаатындагы билим берүү программаларын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулашты. Кыргызстандын ооруканаларын заманбап медициналык жабдуулар менен жабдуу жана гидроэнергетика тармагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн австриялык компанияларды тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.

Кыргызстанда ийгиликтүү колдонууга мүмкүн австриялык технологиялардын жана алдыңкы чечимдердин маанилүүлүгүнүн баса белгиленгендиги, австриялык тараптан оң кабыл алынды.