Бишкек-Ош жана Бишкек-Манас аба каттамдары: эмне үчүн мамлекет тарифтерди төмөндөтпөйт. Түшүндүрмө
Ички аба каттамдарын өнүктүрүү Кыргызстандын мамлекеттик артыкчылыктуу багыты болуп саналат жана транспорттун жеткиликтүүлүгүн, айрыкча алыскы аймактарда жакшыртууга багытталган.
Асман Эйрлайнс авиакомпаниясы келгенге чейин социалдык жактан маанилүү Баткен жана Раззаков багыттары боюнча каттамдарды жеке авиакомпаниялар аткарып келген жана баалар бир тарапка 6000-9000 сомду түзгөн, бул көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн кымбат болгон.
Асман Эйрлайнс авиакомпаниясынын ачылышы менен каттамдардын жыштыгы жумасына 6-7ге чейин көбөйүп, билеттердин баасы 3600-5100 сомго чейин төмөндөдү жана авиакомпания ачылгандан бери бааларды чектөө саясаты сакталып келет.
Белгиленген тарифтерди кепилдөө үчүн мамлекет бул каттамдарды Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фонду аркылуу кошумча субсидиялайт. 1990-жылдардан бери аба каттамдары үзгүлтүккө учураган жаңы багыттарга – Талас, Нарын, Кербен жана Казарманга өзгөчө көңүл бурулууда. Бул каттамдар үчүн белгиленген социалдык тарифтер бекитилген жана каттамдар үзгүлтүксүз аткарылат, ал эми 2026-жылдын 4-январынан тартып каттамдардын жыштыгы жумасына 1ден 2ге чейин көбөйөт жана келечекте суроо-талапты эске алуу менен маршруттук тармакты андан ары кеңейтүү пландаштырылууда.
Ошондой эле Бишкек-Каракол жана Ош-Каракол каттамдарын субсидиялоо жөнүндө чечим кабыл алынды.
Ошол эле учурда Бишкек – Ош жана Бишкек – Манас каттамдары ички рынокто эң маанилүү жана суроо талап жараткан багыт болуп саналат. Бул багыттар боюнча жүргүнчүлөрдүн агымы туруктуу жогору жана авиакомпаниянын учурдагы мүмкүнчүлүктөрүнөн бир кыйла жогору.
Мындай шарттарда тарифтерди субсидиялоо мүмкүн эмес, анткени бир авиаташуучу тарабынан бааларды жасалма төмөндөтүү сөзсүз түрдө рыноктук атаандаштыкты бурмалап, башка авиакомпаниялар үчүн бирдей эмес шарттарды түзөт.
Атаандаштык чөйрөсүн сактоо жана башка авиакомпаниялардын иштөөсүнө мүмкүнчүлүктөрдү түзүү бул каттамдардагы ташуулардын туруктуулугу үчүн зарыл шарт болуп саналат.
Белгиленген баадагы билеттерди Асман Эйрлайнс авиакомпаниясынын тиркемеси аркылуу гана түз сатып алууга болот.
