Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министринин м.а. болуп дайындалды. Ал ким?
1 декабрь

Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министринин м.а. болуп дайындалды. Ал ким?

Каныбек Досмамбетов саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, анда Саламаттык сактоо министрлигине келген жаңы жетекчи буга чейинки министрлерден айырмаланып, бул тармактын ичинен эмес, башка тармактан дайындалгандыгын билдирди. 

Анын айтымына караганда, Каныбек Досмамбетов мурда УКМКнын коррупцияга каршы кызматында жетекчилеринин бири, ушул кезге чейин УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгын жетектеп иштеген.

"Ал кыска аралыкта облус боюнча бардык тармактарды терең анализдеп, олуттуу реформаларды жүргүзө алды. Натыйжада мурда коррупциялык жол менен жеке колдорго өтүп кеткен мүлктөр мамлекетке кайтарылды, ишкерчиликтеги ири коррупциялык схемалар жоюлду, бизнес ээлери расмий каттоодон өтүп иштей баштады. Ошондой эле тоо-кен тармагындагы кен иштетүү көзөмөлгө алынып, тартип орнотулду. Инвесторлорду тартуу аркылуу социалдык имараттарды курууда салымы чоң", - деди ал.

Орунбеков бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тармагы да терең реформага, олуттуу өзгөрүүлөргө муктаждыгын билдирди.

"Ушул себептен улам буга чейин өзүн реформатор жана мыкты менеджер катары көрсөтө алган Каныбек Досмамбетов министр болуп тандалды. Айрым сынчылар арасында “өзү врач болбосо, кантип саламаттык сактоо министри болот?” деген пикирлер айтылышы мүмкүн. Бирок анын орун басарлары тармакты мыкты түшүнгөн, медицина системасында көп жылдан бери иштеген адистер болот. Ал эми Досмамбетов жетекчи катары саламаттык сактоо тармагында узак убакыттан бери түзүлүп калган коррупциялык схемаларды жоюп, тартип орнотууга негизги басым жасайт", - деди ал.