Таалай Базарбаев Кыргызстандын Италиядагы элчиси кызмат ордунан бошотулду
13 декабрь

Таалай Базарбаев Кыргызстандын Италиядагы элчиси кызмат ордунан бошотулду

Базарбаев Таалай Чолпонбекович дипломатиялык кызматынын мөөнөтү аяктаганына байланыштуу Кыргызстандын Италиядагы элчиси, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмундагы, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасындагы жана Айыл чарбаны өнүктүрүүнүн эл аралык фондундагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү кызмат ордунан бошотулду.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.