ӨКМ: Кара-Кулжадагы кар көчкү тазаланууда 
19 декабрь

ӨКМ: Кара-Кулжадагы кар көчкү тазаланууда 

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун 5-чакырымына кар көчкү түшкөн .

ӨКМден кабарлашкандай, учурда жеринде бир жүктөгүч жана бир экскаватор тартылды.

Белгилей кетсек, 7-декабрда Ылай-Талаа – Гүлчө унаа жолунун Көк-Жар тилкесине жалпы көлөмү 12 000 м³ жер көчкү түшүп, жол эки тараптуу жабылып калган.

Көчкүдөн жабыркагандар жок жана жергиликтүү эл Шаркыратма айылы аркылуу айланма жол менен өтүүдө.