Садыр Жапаров: Кыргызстан дайыма стабилдүүлүктү жана коопсуздукту жактайт
7 май

Садыр Жапаров: Кыргызстан дайыма стабилдүүлүктү жана коопсуздукту жактайт

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.

Мамлекет башчысы социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, мындай деди:

"Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө болгон дос өлкөлөрүбүз Индия менен Пакистандын ортосундагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу терең тынчсыздануубузду билдиребиз.

Эки тарапты максималдуу сабырдуулукка, чыр-чатактын мындан ары күчөшүнө жол бербөөгө жана тынчтык жолу менен чечүү үчүн сүйлөшүүлөргө кайтууга чакырабыз.

Кыргыз Республикасы дайыма стабилдүүлүктү, коопсуздукту жана эл аралык укукту урматтоону жактайт".