Ош: шайлоо өнөктүгүнө мамлекеттик кызматкерлерди аралашпоо эскертилди.
16 октябрь

Ош: шайлоо өнөктүгүнө мамлекеттик кызматкерлерди аралашпоо эскертилди.

Ош шаарынын прокуратурасы тарабынан 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоодо жана өткөрүүдө КР Конституциясынын жана мыйзамдарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча өтүүчү жыйын өттү.

Ага шаардагы укук коргоо органдарынын жетекчилери, мекеме-ишканалардын жана аймактык башкармалыктардын башчылары, аймактык жана участкалык шайлоо комиссиясынын төрагалары катышты.

Мында шайлоого мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин аралашуусуна жана административдик ресурска жол берилбестиги эскертилди.

Ошондой эле аймактык шайлоо комиссиясынын өкүлү бул жолку шайлоо мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор, шайлоо участкаларынын чек аралары боюнча жетиштүү маалымат берди.

Жыйын шайлоо өнөктүгүнө байланыштуу суроолор менен улантылып, тиешелүү кызмат өкүлдөрү жоопторду беришти.