ТИМ кыргызстандыктарга Пакистан менен Индияга баруудан карманууну сунуштайт
7 май

ТИМ кыргызстандыктарга Пакистан менен Индияга баруудан карманууну сунуштайт

Пакистан менен Индиянын чек ара аймактарында кырдаалдын курчушуна жана ракета соккуларын кошо камтыган аскердик аракеттер тууралуу кабарларга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жарандарга абал турукташмайынча аталган мамлекеттерге баруудан карманууну катуу түрдө сунуштайт.

Пакистанда же Индияда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарына өзгөчө этияттык чараларын көрүү жана жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталат.

Пакистан авиация органдарынын маалыматына ылайык, Исламабад шаарындагы эл аралык аэропорт убактылуу бардык каттамдар үчүн жабылган. Пакистандын жарандык авиация башкармалыгы кырдаал турукташкандан кийин аба каттамдары кайра жанданарын билдирген.

Өзгөчө кырдаал же шашылыш жагдайлар пайда болгон учурда, жарандар Кыргыз Республикасынын төмөнкү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө тез арада кайрылууга тийиш:

  • Кыргыз Республикасынын Индия Республикасындагы Элчилигинин Ыкчам байланыш телефону: (+91) 9599921779;
  • Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Элчилигинин Ыкчам байланыш телефону: +92 330 3717 771.