УКМК: Мыйзамсыз байыгандарга айып пул эмес, эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган
11 январь

УКМК: Мыйзамсыз байыгандарга айып пул эмес, эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган

2025-жылдын 11-январында КР УКМКнын демилгеси менен, Министрлер кабинетинин Төрагасынын орун басары-КР УКМКнын Төрагасы Генерал-Полковник К.К. Ташиевдин тапшырмасын аткаруунун алкагында, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүндө облустун мамлекеттик органдарынын жана профилдик ведомстволорунун жетекчилеринин, райондук мамлекеттик администрациялардын жана шаарлардын мэрияларынын, муниципалдык органдардын, ошондой эле билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мекемелердин жетекчилеринин катышуусу менен Чүй облусунун укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмеси өткөрүлдү. Аталган жыйынга 300 адам катышты.

Жыйындын катышуучуларына кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жоболору төмөнкү тартипте түшүндүрүлдү:

  • коррупциялык кылмыштарга күнөөлүү деп табылган жарандарга мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда иштегени өмүр бою тыюу салууну караган мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгендиги боюнча;
  • коррупциялык кылмыштар үчүн айып пулду толук жоюлгандыгы тууралуу (мисалы, мыйзамсыз баюу үчүн 300-500 миң сом айып пулдун ордуна эки жылдан беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган);
  • эгерде кайсы бир жаран, анын жубайы же алардын жакын туугандары оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылган болсо, андай жарандар мамлекеттик кызматка кабыл алынбоосу боюнча;
  • эгерде жаран коррупциялык кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөсүн мойнуна алса жана келтирилген зыяндын ордун толтурса, ага ушул берене боюнча эркиндигинен ажыратуунун эң жогорку мөөнөтүнүн жарымынан кем эмес өлчөмүндө жаза колдонулаары боюнча.

Координациялык кеңешменин жыйынында өлкө жетекчилиги тарабынан 2025-2026-жылдары коррупциялык кылмыштарды абсолюттук деңгээлде жоюу милдети коюлгандыгы айтылды. Буга байланыштуу Чүй облусунун мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын кызматкерлерине коррупцияны ишке ашырууга же коррупциялык схемаларды уюштурууга жол бербөө эскертилди.

Ошонун менен бирге, «коррупциялык иштин фактылары аныкталган учурда тиешеси бар адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жаңы кабыл алынган түзөтүүлөрүнө ылай.