Индия менен Пакистандын ортосундагы мамилелерде чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу Кыргызстан тынчсыздануусун билдирет
Индия менен Пакистандын ортосундагы мамилелерде чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу Кыргыз Республикасы чек арадагы куралдуу жаңжалдын башталгандыгына терең тынчсыздануусун билдирет.
Достук мамиледеги өлкөлөр, Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчөлөрү болгон Индия менен Пакистандын ортосундагы куралдуу кагылышуу аймактык жана глобалдык туруктуулукка коркунуч жаратат.
Кыргыз Республикасы тараптарды жогорку деңгээлдеги сабырдуулукту сактоого, куралдуу аракеттерден карманууга жана кырдаалды андан ары курчутуп жибериши мүмкүн болгон аракеттерден алыс болууга чакырат. Ошондой эле маселени тынч жол менен чечүүгө багытталган диалогду калыбына келтирүүнүн маанилүүлүгүн билдирет. Биз эл аралык укуктун нормаларын жана талаштарды жөнгө салууга багытталган БУУнун резолюцияларын сактоонун маанисин баса белгилейбиз.
Кыргызстан ШКУнун мүчөсү катары уюмга мүчө Индия менен Пакистанды да жоопкерчиликке чакырып, ШКУнун уставында каралган талаштарды тынч жол менен жөнгө салуу принциптерине кайтууга үндөйт.
Кыргыз Республикасы эл аралык коомчулуктун чыңалууну басаңдатууга багытталган аракеттерин колдойт жана бул багытта диалогго эл аралык аянтчаларда көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирет.
