Казакстандан келген 23,8 тонна күрүч артка кайтарылды
Казакстандан импорттолуп кирген 23800 кг күрүч фитосанитардык көзөмөлдөө учурунда продукциянын таңгагында маркировка жок экендиги аныкталган.
Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин 2016-жылдын 30-ноябрындагы № 157 Чечимине ылайык, карантинге алынган продукциянын ар бир таңгагында продукциянын аталышы, чыгарылган өлкө, экспорттоочу өлкө жана (же) реэкспортер өлкө жөнүндө маалыматтарды камтыган маркировкасы болушу керек.
Карантин алдындагы жүктү маркировкасыз алып кирүү Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү карантиндик фитосанитардык талаптарын бузуу болуп саналат, ошого байланыштуу бул жүк импортер өлкөгө кайра кайтарылган.
