Медицина ардагери Рапия Аманалиева дүйнө салды 
2 апрель

Медицина ардагери Рапия Аманалиева дүйнө салды 

Кыргыз медицинасы оор жоготууга учурады.

Медицина тармагынын көрүнүктүү ишмери, 20дан ашуун илимий эмгектердин ээси, медицина ардагери, невропатолог дарыгер, тажырыйбалуу клиницист жана педагог Рапия Аманалиева 89 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет.

Рапия Аманалиева 1936-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Чоң-Дөбө айылында туулган. 1950-1954-жылдары Фрунзе шаарындагы медициналык техникумду “фельдшер-акушер” адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган. 1954-1960-жылдары Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин бүтүрүп, жогорку медициналык билимге ээ болгон.

Эмгек ишмердигин 1960-жылы № 7 шаардык бейтапканада терапевт-дарыгер болуп иштөө менен баштаган. 1963-жылдан 1989-жылга чейин Кыргыз Мамлекеттик медициналык институтунун нерв оорулары кафедрасынында клиникалык ординатордон тартып ассистентке чейинки жолду басып өткөн.

Рапия Аманалиеванын медицинанын өнүгүүсүнө кошкон салымы анын кесиптештеринин жана окуучуларынын эсинде түбөлүккө сакталат.