Нарын жана Баткен облустарында жер титирөө катталды
25 апрель

Нарын жана Баткен облустарында жер титирөө катталды

Кыргызстандын аймагында эки ирет жер титирөө катталды, деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы. 

КР Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, Баткен облусунун аймагында саат 16:32де, ал эми Нарында саат 16:37де жер титирөө катталган. 

Баткен облусунун Лейлек районунун Коргон айылында 2.5 баллга ( Коргон айылынан 6 чакырым түндүк чыгышта, Баткен шаарынан 50 чакырым түштүк чыгышта) чейин сезилген.

Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айылында 3,5 балл, Арсы, Кочкор, Кара-Тоо, Кара-Суу, Большевик айылдарында жана Орто-Токой суу сактагычынын аймагында 3 баллга ( Семиз-Бел айылынан 8 чакырым түндүк чыгышта, Орто-Токой суу сактагычынан 12 чакырым түштүк батышта, Кочкор айылынан 15 чакырым түндүк чыгышта, Балыкчы шаарынан 30 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

Учурда өлкөнүн эки дубанында жабыркагандар жана кыйроолор боюнча тактоо иштери жүргүзүлүүдө.