Диний кастыкты козуткан материалдарды таратууга  шектелип эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды
25 апрель

Диний кастыкты козуткан материалдарды таратууга шектелип эл аралык издөөдө жүргөн жаран кармалды

2012-жылы 1978-жылы туулган А.Д. аттуу жаран диний кастыкты козутууну жараткан материалдарды таратуу иш аракеттерди кылып, Ош облусунун Араван РИИБи тарабынан, ага карата Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси менен кылмыш иши козголгон. Ал эми шектүү А.Д. изин жашырып качып кетип, эл аралык издөөгө алынган.

Шектүү 2006-жылдан тартып «Хизб-ут-Тахрир» экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү экендиги жана мурун соттолгон экендиги аныкталган.

Такталган маалыматтар боюнча издөөдө жүргөн А.Д. 2012-жылы Россия Федерациясына, андан соң 2016-жылдан бери Турция мамлекетинде изин жашырып качып жүргөн.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын ИИМдин Туркия мамлекетиндеги өкүлчүлүгү менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын жыйынтыгында аталган жаран кармалды.  

Бирдиктүү иш-аракеттердин натыйжасында 2025-жылдын 24-апрелинде А.Д. Кыргыз Республикасына кайтарылып келип, камакка алынды.