Кадамжайда өрүктүн эрте бышкан түрүн өстүрүү колго алынды
2 апрель

Кадамжайда өрүктүн эрте бышкан түрүн өстүрүү колго алынды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айылында өрүктүн ультра эрте түшүм берген заманбап бакта көчмө жыйын өткөрдү.

Ага Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү министрлиги менен жергиликтүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө долбоордун артыкчылыктары талкууланып, аны башка аймактарга жайылтуу маселелери каралды.

Белгилеп кетсек, бакты отургузуу бир нече этапка бөлүнгөн. Негизинен 160 метр тереңдиктеги кудук (скважина) бургуланып, суу сактагыч, тамчылатып сугаруу системасы жана тосмо GPS жабдуулары менен такталып долбоорлонгон.

Мында өрүктүн ультра эрте сорттору отургузулуп, сугаруу үчүн заманбап материалдарды колдонуу менен тамчылатып сугаруу системасы ишке киргизилген.

Ага катар климаттын оор шарттарына карата суунун туруктуу көлөмү аныкталып, 6500 м³ суу сактагыч курулган.

Долбоордун жетекчиси – агроном-фермер Толубай Жалилов.

Долбоордун артыкчылыктары катары экологиялык таза ресурстарды пайдалануу жана энергияны үнөмдөөчү технологияларды киргизүү белгиленет.

Инженердик долбоорлоо климаттык тобокелчиликтерге негизделген.

Жыйындын соңунда аталган долбоорду облустун башка аймактарына жайылтуу жана тажрыйба алмашуу боюнча семинарларды өткөрүү тууралуу бир катар чечимдер кабыл алынды.